Тоңдо жапайы өрдөктөрдүн сүзүп жүргөнү байкалды

23-февраль, 2026-ж. / Редакция / Аймак 11

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жол жээгиндеги суу тилкесинде жапайы өрдөктөр сүзүп жүргөнү байкалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милиция кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кызматкерлер аймакты текшерүү учурунда бир нече өрдөктүн топ болуп сүзүп жүргөнүн көрүшкөн. Адистер мындай көрүнүш жапайы кантуулардын табигый жашоо чөйрөсү сакталып жатканынан кабар берерин белгилешет.

Туристтик-экологиялык милиция аймактагы экологиялык абалды туруктуу көзөмөлдөп, жаныбарлар менен кантуулардын жашоо шартын коргоо багытында иштерди улантууда.

23-февраль, 2026-ж. / Редакция / Аймак 11
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X