Тоголок Молдо сквери жаңыланып, эс алуу үчүн жаңы шарттар түзүлдү

24-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 89

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен биргеликте жаңыланган Тоголок Молдо атындагы скверди көрүп чыкты.Фото мэрии города Бишкек. В Бишкеке завершили реконструкцию сквера имени Тоголока Молдо

Скверди көрктөндүрүү иштеринин алкагында 35 миң чарчы метр аянтка автоматтык сугат системасы орнотулуп, 33 миң чарчы метр жерге газон себилди. Топурактын сапатын жакшыртуу үчүн 300 «Хово» жана 200 КамАЗ кара топурак төгүлгөн.Фото мэрии города Бишкек. В Бишкеке завершили реконструкцию сквера имени Тоголока Молдо

Аймакта жашылдандыруу иштери да жүргүзүлдү. Ага 12 туя, 22 гортензия, 20 вейгела жана 12 можжевельник отургузулуп, бак-дарактар санитардык жана декоративдик бутоодон өткөрүлдү.

Шаар тургундары үчүн 70 жаңы отургуч орнотулуп, эски балдар аянтчасынын ордуна заманбап аянтча курулду. Мындан тышкары, воркаут-зонасын түзүү пландалууда.

Мэрия скверге аттракциондорду орнотуудан баш тартып, аймакты шаар тургундары эс алып, спорт менен машыга турган жайга айлантууга басым жасаган.

Жарыктандыруу системасы да жаңыртылды. 57 орто жана 14 чоң чырак демонтаждалып, сырдалып, лампалары алмаштырылып кайра орнотулду. Ошондой эле 3 миң 234 бордюр сырдалып, 920 чарчы метр асфальт калыбына келтирилди жана 30 жаңы таштанды челеги коюлду.

Скверге акын Сооронбай Жусуевге арналган эстелик тургузуу пландалууда. Мындан тышкары, үй жаныбарларын сейилдетүү үчүн атайын аймак белгиленип, коомдук даараткана орнотуу каралган.

Белгилей кетсек, 2026-жылы Бишкек шаарында 26 санитардык объектти орнотуу пландалууда. Алардын арасында майыптыгы бар адамдардын жана кичинекей балдары бар ата-энелердин керектөөлөрү да эске алынат. Учурда мындай эки объект курулуп бүттү.

Тоголок Молдо атындагы скверди жаңылоо иштери Кыргыз Республикасынын Президентинин, Бишкек мэриясынын, демөөрчүлөрдүн жана шаардык кызматтардын колдоосу менен жүргүзүлүүдө.

24-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 89
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X