Токмок шаары, Москва районунда уурулуктун алдын алуу иштери жүргүзүлдү

17-март, 2022-ж. / Редакция / Аймак 66

Москва райондук милициясынын кызматкерлери кылмыштуулукту жана тартип бузууларды алдын алуу боюнча,  жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу Чүй облустук ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 16-мартта Москва РИИБ кызматкерлери тарабынан элге мүрзөлөрдөгү темир тосмолорду уурдоо кылмыштарын болтурбоо жана алдын алуу боюнча айтылды. Эгерде кандайдыр бир шектүү адамдар же автоунааларды байкашса дароо милицияга билдирүү эскертилди.

Ошондой эле, Токмок шаардык милициясы тарабынан да уурулук кылмыштарын алдын алуу боюнча рейддик иш-чара өткөрүлдү. Анда уурулукка бөгөт коюу максатында базарда, коомдук жай, тамактануучу жерлер жана жарандарга тейлөө көрсөтүүчү имараттардын администрациялары менен жолугушуулар уюштурулду.

Мындан тышкары, мектеп окуучулар арасында мушташтарды болтурбоо, уурулук, опузалоо кылмыштарынын алдын алуу тууралуу түшүндүрүү жүргүзүлдү.

17-март, 2022-ж. / Редакция / Аймак 66
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X