Токмокто “чучук-карта сураган” жетекчинин орун басары кызматтан алынды
Токмок шаарында документ иштерин бүтүрүү үчүн жарандан акча жана чучук-карта талап кылганы айтылган жетекчинин орун басары кызматынан бошотулду.
18-майда президенттин Чүй облусундагы өкүлү Элкинбек Аширбаевдин катышуусунда өткөн жолугушууда шаар тургуну Майрамкүл Калыкова арызданган. Анын айтымында, жер тилкесинин документтерин бүтүрүүдө архитектура кызматындагы кызматкер ишти создуктуруп, акча жана “чучук, казы-карта” сураган.
Бул билдирүүдөн кийин тиешелүү чара көрүлүп, аталган жетекчинин орун басары кызматынан алынганы маалым болду.