Токмокто темир уурдаган жаран кармалды
Токмокто темир уурдоого шектелип эркек киши кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, март айынын башында Токмок шаардык милициясына 38 жаштагы М.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда 3-5-мартта үйүнүн аймагынан эки жолу көпүрөнүн темир бөлүктөрүн, короодогу темир буюмдар уурдалганы жазылган.
Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (“Уурдоо”) менен катталып, сотко чейинки териштирүүлөр башталган.
Ыкчам иликтөөнүн жыйынтыгында, жогоруда аталган фактыларды жасоого шектүү катары 40 жаштагы Д.Д. аттуу жаран кармалган.
Учурда милиция кызматкерлери шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар-жогун текшерүүдө.
Тергөө иштери уланууда.
