Токмокто унаа дөңгөлөктөрүн кайра иштетүүчү завод ишке берилди

13-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 326

Чүй облусунун Токмок шаарында унаа дөңгөлөктөрүн кайра иштетүүчү завод расмий ишке берилди. Ишкананын ачылыш аземине Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров онлайн режиминде катышты.

Завод Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында ишке берилди. Президент ишкананын ачылышы өлкөнүн өнөр жай потенциалын кеңейтүү жана аймактарда жаңы жумуш орундарын түзүү үчүн маанилүү экенин белгиледи.

Дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү завод 2023-жылдын августунда тесттик режимде иштей баштаган. Ал «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын туунду ишканасы болуп саналат.

Бүгүнкү күндө бул Кыргызстандагы унаа дөңгөлөктөрүн кайра иштеткен жалгыз завод. Ишкана заманбап европалык жабдуулар жана технологиялар менен иштейт.

Заводдо өндүрүш эки багытта жүргүзүлөт: эски дөңгөлөктөрдү кайра иштетүү жана аларды калыбына келтирүү. Толук кубаттуулукта, төрт нөөмөт менен иштеген учурда жылына 6 миң тоннага чейин резина күкүмүн өндүрүүгө мүмкүнчүлүгү бар.

Алынган резина күкүмү резина плиткаларын, килемчелерди, спорттук жана балдар аянтчалары үчүн коопсуз жабууларды, ошондой эле бут кийим жана башка буюмдарды өндүрүүдө чийки зат катары колдонулат.Возможно, это изображение ‎один или несколько человек и ‎текст "‎"КумтерГолдКомпаниясы "Кумтер Голд Компаниясы" коомунун 金回王 жабык акционердиккоомунум кционердик "Донгелокторду иштетух шбоюнча боюнча заводу Филиалы КИРГМЗ SADS ПВСВУБЛИКАСА ල ٨ه‎"‎‎

Дөңгөлөктөрдү калыбына келтирүүчү экинчи цех 2025-жылдын башында тесттик режимде ишке киргизилген. Калыбына келтирилген дөңгөлөктөр учурда оор жүк ташуучу унааларда өндүрүштүк сыноодон өтүп жатат.

Мындан тышкары, ишкана өткөн жылдын күзүндө калдыктарды утилдештирүү жана кайра иштетүү боюнча лицензия алган. Бул ага эски унаа дөңгөлөктөрүн утилдештирүү боюнча акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө шарт түзөт.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда атайын техникаларды кошкондо 2 миллионго жакын унаа катталган. Дөңгөлөктөрдүн орточо пайдалануу мөөнөтү 4–6 жылды түзөт.

Унаа дөңгөлөктөрүнүн курамында вулканизацияланган резина, болот корд жана химиялык кошулмалар болгондуктан, алар экологияга зыян келтирүүчү калдыктардын катарына кирет. Орточо салмагы 8–10 килограмм болгон бир дөңгөлөк табигый шартта 500 жылга чейин чирибей сакталат.

Жыл сайын жүз миңдеген дөңгөлөктөр жараксыз абалга келип, таштандыга айланат. Жаңы завод эски дөңгөлөктөрдү жөн гана топтоп же өрттөп жок кылбастан, аларды кайра өндүрүшкө тартууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X