Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын 2025-жылкы лауреаттары аныкталды
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, 2025-жыл үчүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык адабият жана искусство жаатында өзгөчө эмгек жараткан инсандарга ыйгарылды.
Аталган сыйлык Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана “Мамлекеттик сыйлыктар, ардак наамдар жана мамлекеттик сый акылар жөнүндө” мыйзамдын негизинде берилди.
Адабият жаатында сыйлык жазуучу Ишен Айтмамбетовга ыйгарылды. Ал “Бет-Алман” аттуу тарыхый романы үчүн белгиленди.
Музыкалык искусство жаатында Кыргыз Республикасынын эл артисти Түгөлбай Казаков “Боз жорго” музыкалык чыгармасы үчүн сыйлыкка татыды.
Кино, радио жана телекөрсөтүү багытында сценарист жана кинорежиссер Тилек Абдыкадыр сыйланды. Ал Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган 4 сериялуу тарыхый-документалдуу киноэпопеясынын автору болуп саналат.
Мамлекеттик сыйлык өлкөнүн маданият жана искусство тармагына салым кошкон чыгармачыл инсандарды колдоо жана баалоо максатында ыйгарылат.