Токтогул районунда 500 миң сом опузалап талап кылууга шектелген эки жаран кармалды
Токтогул районунда коркутуу жолу менен 500 миң сом акча талап кылууга шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ички иштер органдарына белгисиз адамдар тарабынан коркутуу жолу менен акча талап кылынгандыгы тууралуу арыз келип түшкөн.
Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси («Опузалап талап кылуу») менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка тиешеси бар болушу мүмкүн деген негизде жети жаран күбө катары тергөө бөлүмүнө жеткирилип, суракка алынган. Алардын айрымдары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турганы аныкталган.
Жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын натыйжасында мурда бир нече жолу соттолгон 1996-жылы туулган К.Э. жана 2002-жылы туулган М.Ш. аттуу жарандардын бул окуяга тиешеси бар экендиги аныкталып, алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда кылмыш ишинин бардык жагдайларын аныктоо жана башка тиешеси бар адамдарды тактоо боюнча тергөө иштери улантылууда.