Токтогул шаарынын мэри кызматтан кетти

23-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 164

Токтогул шаарынын мэри Бактыбеков Бекмамат Бактыбекович ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Токтогул райондук акимчилигинен билдиришкендей, тиешелүү чечим Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин буйругунун негизинде кабыл алынды.

Белгиленгендей, Бекмамат Бактыбеков башка ишке которулгандыгына байланыштуу кызмат ордунан өз каалоосу менен бошотулган.

23-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 164
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X