Токтогул суу сактагычынан 12 чакырымдан ашык мыйзамсыз балык уулоочу тор чыгарылды
Токтогул суу сактагычында мыйзамсыз салынган балык уулоочу торлорду тазалоо иштери күчөтүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Суучулдар кызматы 28-сентябрдан бери суу сактагычтын түбүнө түшүп, синтетикалык торлорду жана башка калдыктарды чыгарып жатат.
Бүгүнкү күнгө карата суучулдар 12 100 метр мыйзамсыз салынган синтетикалык торду жана башка таштандыларды суудан алып чыгышты.
Тазалоо иштери ӨКМ жетекчилигинин тапшырмасы менен жүргүзүлүүдө. Адистердин иши муну менен токтобойт — суу сактагычтагы мыйзамсыз торлорду тазалоо иштери мындан ары да улантылат.
Иш-чаранын негизги максаты — Токтогул суу сактагычынын экологиялык абалын жакшыртуу, суудагы жаныбарлар дүйнөсүн коргоо жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу.