Токтогулдагы эмен даракдары зыянкечтен корголду
Токтогул аймагындагы көп жылдык эмен дарактарында зыянкеч курт-кумурска — “дубовый минирующий пилильщик” тараганы аныкталды. Анын жайылышына бөгөт коюу жана дарактарды сактоо максатында адистер тарабынан химиялык иштетүү иштери жүргүзүлдү.
Иш-чарага Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Жалал-Абад башкармалыгынын, Токтогул мамлекеттик администрациясынын жана шаардык муниципалдык ишкананын адистери катышты.
Адистер мындан ары да аймактагы өсүмдүктөрдүн фитосанитардык абалына мониторинг жүргүзүп, зыянкечтерге каршы өз убагында чара көрүүнү улантат.