Токтогулдан Бишкекке 5 килограммдан ашык гашиш ташып бара жаткан жаран кармалды
«Канал–Янтарный берег» аталышындагы баңгизатка каршы эл аралык операциянын алкагында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө 1982-жылы туулган С.К.А. аттуу жаран кармалды.
ИИМдин маалыматына ылайык, ал Токтогул районунан Бишкек шаарына ири өлчөмдөгү баңгизатты ташып бара жаткан.
Шектүү башкарган Toyota Camry үлгүсүндөгү автоунааны текшерүү учурунда «гашиш» баңгизаты салынган 10 полиэтилен баштык табылган. Алынган баңгизаттын жалпы салмагы 5 килограмм 115 граммды түзгөн.
Учурда алынган зат боюнча соттук-химиялык экспертиза дайындалып, тергөө иш-чаралары улантылып жатканы кабарланды.
ИИМ жарандарга баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү оор кылмыш болуп саналарын жана кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келерин эскертип, акчалай сыйлык сунушталса да баңгизаттарды ташууга, сактоого же сатууга байланышкан мыйзамсыз сунуштарга макул болбоого чакырды.