Төлөгөн Келдибаев, «Тилектештик» партиясынын төрагасы: Ачыктык маалымат берүү менен эле чектелбеши керек
Мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын камсыздоо жана жарандар менен бийликтин ортосундагы байланышты бекемдөө максатында ишке ашырылып жаткан «Ачык кабинет» долбоору коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратып келет. Долбоордун натыйжалуулугу жана мамлекеттик башкаруу системасына тийгизген таасири тууралуу Төлөгөн Келдибаев менен маектештик.
– «Ачык кабинет» долбоору мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын канчалык деңгээлде камсыздап жатат?
– Менин оюмча, долбоор мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын мурдагыга салыштырмалуу кыйла жакшыртты. Мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтар коомчулукка көбүрөөк жеткиликтүү боло баштады. Ошол эле учурда айрым маанилүү маселелер боюнча маалыматтар толук эмес же кеч берилген учурлар дагы кездешет.
– Коомчулук аткаруу бийлигинин иши тууралуу жетиштүү маалымат алып жатабы?
– Маалыматтын көлөмү көбөйдү, бирок анын сапаты жана түшүнүктүүлүгү дагы эле көйгөй бойдон калууда. Көп учурда маалымат расмий тилде берилгендиктен, жөнөкөй жарандар үчүн аны кабыл алуу оор. Ошондуктан маалыматты элге түшүнүктүү формада жеткирүүгө көбүрөөк көңүл буруу зарыл.
– Долбоор жарандардын мамлекеттик башкарууга болгон ишенимине кандай таасир тийгизди?
– Ачыктык ар дайым ишенимди бекемдөөгө өбөлгө түзөт. Коомчулук мамлекеттик органдардын иши тууралуу көбүрөөк маалымат ала баштагандыктан, айрым жарандардын ишеними өстү десек болот. Бирок туруктуу ишеним маалымат берүү менен гана эмес, мыйзамдуулукту сактоо, адилет чечимдерди кабыл алуу жана элдин көйгөйлөрүн чечүү аркылуу калыптанат.
– «Ачык кабинет» мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилигин күчөтүүгө жардам берип жатабы?
– Ооба. Коомдук көзөмөл күчөгөн сайын мамлекеттик кызматкерлер дагы өз иштерине жоопкерчиликтүү мамиле кылууга аргасыз болушат. Эл алдында отчёт берүү жана ачык иш алып баруу алардын жоопкерчилигин жогорулатат.
– Долбоор эл менен бийликтин ортосундагы байланышты жакшырта алдыбы?
– Белгилүү деңгээлде жакшыртты. Азыр жарандар социалдык тармактар жана онлайн платформалар аркылуу өз көйгөйлөрүн көтөрүп, мамлекеттик органдарга түз кайрылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Бирок бул байланыштын натыйжалуулугун дагы күчөтүү керек.
– Жарандардын сунуш-пикирлери жана кайрылуулары жетиштүү деңгээлде эске алынып жатабы?
– Акыркы жылдары жарандардын активдүүлүгү өстү. Алар өз ойлорун ачык билдирип, сунуштарын көбүрөөк айта башташты. Бирок элдин пикири реалдуу чечим кабыл алуу процессинде канчалык деңгээлде эске алынып жатканы боюнча суроолор дагы эле бар.
– «Ачык кабинеттин» натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн эмне кылуу керек?
– Биринчи кезекте маалыматтарды толук, так жана жөнөкөй тилде берүү зарыл. Ошондой эле жарандардын сунуш-пикирлерин формалдуу эмес, практикалык деңгээлде эске алуу керек. Эл өз үнүнүн натыйжасын көргөндө гана мындай долбоорлордун коом үчүн чыныгы пайдасы байкалат.
Чынайым Кутманалиева