Тоң районунда мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен 47,84 гектар жер мамлекетке кайтарылды
Ысык-Көл облусунун Тоң райондук прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышына жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө жалпы аянты 47,84 гектарды түзгөн айыл чарба багытындагы жер тилкелери мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлүп кеткендиги аныкталды.
Тактап айтканда, Тоң районунун Улахол, Ак-Терек жана Күн-Чыгыш айыл аймактарындагы жер тилкелери 2006–2008-жылдар аралыгында колдонуудагы мыйзамдардын талаптарын бузуу менен жеке жактардын менчигине берилип кеткен.
Текшерүүнүн жыйынтыгында прокуратура тарабынан тиешелүү прокурордук чаралар көрүлүп, натыйжада баасы 65 миллион сомду түзгөн 47,84 гектар жер тилкеси толугу менен мамлекеттин менчигине кайтарылды.