Тондо жасалма интеллект менен түшүмдүүлүк 33%га өстү
Ысык-Көлдүн Тон районунда айыл чарбасына заманбап технологияларды киргизүү боюнча пилоттук долбоор ишке ашууда. Аксай айылында жүгөрү жана күн карама спутниктик маалыматтар менен жасалма интеллекттин жардамы аркылуу өстүрүлүп жатат.
Долбоордун алкагында айыл чарба талааларынын абалы спутниктен көзөмөлдөнүп, өсүмдүктөрдүн өсүшүнө таасир эткен факторлор талданууда. Жасалма интеллект аркылуу Ысык-Көлдүн климаттык шарттарына окшош аймактар изилденип, мындай шартта жогорку түшүм берген жүгөрү жана күн караманын сорттору аныкталган.
Ошонун негизинде Аксайдагы пилоттук талаага жергиликтүү шартка ылайыкташкан үрөндөр тандалып, сугат суусун үнөмдүү пайдаланууга басым жасалган. Талаа болгону эки жолу сугарылып, суунун көлөмү көбөйтүлгөн эмес.
Натыйжада пилоттук талаадагы түшүмдүүлүк 33 пайызга жогорулаган.
Долбоор Кыргыз улуттук университети жана «Кыргызстан спутник» долбоору менен биргеликте жүргүзүлүүдө. Спутниктик технологиялар менен жасалма интеллект талаанын абалын ыкчам көзөмөлдөөгө, көйгөйлөрдү эрте аныктоого жана сугат суусун натыйжалуу пайдаланууга шарт түзүүдө.
Алынган жыйынтыктар эске алынып, бул тажрыйбаны өлкөнүн башка аймактарына жайылтуу жана айыл чарбасында заманбап технологияларды кеңири колдонуу мүмкүнчүлүгү каралууда.