Тоңдун 90 жылдыгына арналган айтышта баш байге эки акынга тийди
Тоң районунун 90 жылдык мааракесине карата өткөн төкмө акындардын республикалык айтышы жыйынтыкталды.
Айтышка Кыргызстандын бардык аймактарынан төкмө акындар катышып, элдин тарыхын, улуттук баалуулуктарды, мекенге болгон сүйүүнү жана коомдогу актуалдуу маселелерди ыр саптарына салышты.
Айтыштын жыйынтыгында баш байгеге Турат Жумаев менен Кутман Садыбакасов татыды. 1-орунду Эсенбек Кийизбаев жана Арген Биймырза уулу, 2-орунду Баян Акматов жана Ажыбек Дүйшө уулу, 3-орунду Жылдызбек Төрөканов жана Нурсултан Малдыбаев ээледи.
Республикалык айтыштын жалпы байге фонду 1 миллион сомду түздү.
Иш-чара кыргыздын төкмөчүлүк өнөрүн жайылтуу, улуттук маданий мурасты жаш муунга жеткирүү жана салттуу чыгармачылыкты колдоо максатында уюштурулду.