Төө-Ашуу ашуусу менен Өтмөк ашуусунда кар жаап, жол көзөмөлгө алынды
11-майга карата Төө-Ашуу ашуусу жана Өтмөк ашуусу аймактарында кар майдалап жаап жатат. Бул тууралуу Кыргызавтожол мамлекеттик ишканасы маалымдады.
Мекеменин билдиришинче, Бишкек – Ош унаа жолу менен Талас – Тараз – Суусамыр унаа жолунда жол тейлөө кызматтары тарабынан инерттик материалдарды себүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Учурда атайын техникалар тартылып, жолдордун абалы көзөмөлгө алынган.
Алдын ала маалымат боюнча, унаа кыймылы ачык болуп, каттамдар үзгүлтүксүз камсыздалууда.
“Айдоочулардан жол эрежелерин так сактап, унаалар ортосундагы коопсуз аралыкты карманууну өтүнөбүз”, — деп айтылат маалыматта.