Тоо-кен тармагынан бюджетке 217,9 млрд сом түштү
Соңку беш жыл ичинде Кыргызстанда 141 тонна алтын казылып алынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жыл жыйынтыгын чыгарган жыйынында маалымдалды.
Министрликтин маалыматына ылайык, бул аралыкта тоо-кен тармагынан мамлекеттик бюджетке 217,9 млрд сомдон ашык каражат түшкөн. Натыйжада кирешенин өсүшү 3,5 эсени түздү.