Тоолордон туризмге, туризмден экономикага
Юта тажрыйбасы бизге эмне берет?
Президент Садыр Жапаровдун АКШнын Юта штатына болгон иш сапары Кыргызстан үчүн маанилүү сапарлардын бири болду десек болчудай. Ал сапардын негизги максаты тоолуу аймактарды өнүктүрүү, туризм, тоо-кен тармактарында кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн издөө болуп саналат. Юта штатында Президент губернатор Спенсер Кокс жана Сенаттын президенти Стюарт Адамс менен жолугуп, Кыргызстан менен Ютанын ортосундагы кызматташуу маселелерин талкуулап, бир катар биз үчүн маанилүү болгон аймактарды кыдырып көрдү. Ошону менен бирге Ютанын тажрыйбасы кышкы спорт түрлөрүн жана туризмди өнүктүрүү үчүн чоң потенциалы бар тоолуу өлкө катары Кыргызстан үчүн практикалык жактан кызыктуу экенин айтты.
Юта штаты АКШнын батышындагы кооз жаратылышы жана өнүккөн экономикасы менен белгилүү штат. Бул жерде Скали тоолору, улуттук парктар, каньондор жана дүйнөгө белгилүү Чоң Туздуу көл жайгашкан. Кыш мезгилинде кар калың жаап, дүйнөлүк деңгээлдеги лыжа курорттору менен таанымал.
Кыргызстан дагы тоолуу өлкө. Тоо туризми акыркы кездерде жакшы жолго коюлуп, келген туристтердин көбү ушул жактарга басым жасоодо. Президенттин Юта штатындагы Олимпиадалык паркка барышы дагы спорттук дипломатиядан тышкары Кыргызстан үчүн практикалык мааниге ээ болгон тажрыйба алмашуунун мүмкүнчүлүгүн ачат. Айрыкча 2002-жылы Солт-Лейк-Ситиде өткөн Кышкы олимпиададан калган инфраструктуранын бүгүнкү күнгө чейин спорт жаатында жаштарды даярдоо жана туризм үчүн колдонулуп жатканы Кыргызстан үчүн маанилүү мисал боло алат. Анткени, бизде дагы жакында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп, анын алкагында бир катар туризм үчүн маанилүү объектилер, спорттук аянтчалар курулду. Маселен, Ютада олимпиада үчүн курулган объектилер оюндар аяктагандан кийин пайдаланылбай калган инфраструктурага айланып кетпестен, спортчуларды даярдоо, мелдештерди өткөрүү жана туристтерди тартуу үчүн иштеп келе жатат. Кыргызстан үчүн негизги сабак дал ушул жерде деп ойлойм. Юта штатынын бийлиги курулган ири спорттук объектилерди олимпиададан кийин да экономикалык жана социалдык пайда алып келе тургандай пайдаланышууда.
Кыргызстан тоолуу өлкө катары кышкы спорт жана тоо туризми үчүн чоң мүмкүнчүлүккө ээ. Бирок, бул мүмкүнчүлүктү толук пайдалануу үчүн инфраструктура, машыктыруучулар, балдар жана жаштар үчүн спорттук программалар, коопсуздук стандарттары жана эл аралык тажрыйба керек. Сыягы, Юта менен кызматташуу ушул багыттардын айрымдарын өнүктүрүүгө шарт түзүшү толук мүмкүн. Мисалы, Кыргызстан үчүн Ютадагы тажрыйбанын негизинде балдар жана өспүрүмдөр үчүн кышкы спорт мектептерин өнүктүрүү, машыктыруучуларды даярдоо жана жаш спортчуларды эл аралык мелдештерге чыгаруу боюнча программаларды түзүү маанилүү. Ошондой эле лыжа, сноуборд, фристайл, керлинг сыяктуу Кыргызстанда салыштырмалуу азыраак өнүккөн кышкы спорт түрлөрүнө көңүл бурууга мүмкүнчүлүк жаралат.
Андан да маанилүүсү, спорт менен туризмди айкалыштыруу зарыл. Чынында Кыргызстанда кышкы туризм жакшы жолго коюлган деп айта албайбыз. Караколдогу “Каприз”, Бишкектин айланасындагы тоо этектериндеги жана Суусамырдагы кышкы лыжа базаларыбыз эле болбосо, аз-аздан хоккей, коньки тебүү сыяктуу жайларыбызды жаңыдан жолго салып келе жатабыз. Кыргызстан дагы Чүй, Ысык-Көл, Нарын жана башка тоолуу аймактардагы спорттук базаларды жыл бою иштей турган туристтик объектилерге айландыруу тажрыйбасын карасак туура болор эле. Чынында ушул тилектерибиз менен ниеттерибизди Президент дагы туура жолдо алып бара жатканы кубандырат.
Айталы, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Хан-Теңири айыл аймагына курулуп жаткан “Ала-Тоо Резорт” ири курорттук зонабыз Кудай буюрса АКШнын кышкы туризмди туура жолго койгон тажрыйбасына шайкеш келчүдөй. Ошол жаңы курулуп жаткан «Ала-Тоо Резорт» зонабыз өлкөнү дүйнөлүк лыжа сүйүүчүлөрүнүн борборуна айландыруу жана кышкы туризмди таанытуу максатында иш алып барат.
Президент Садыр Жапаровдун АКШнын Юта штатындагы жана башка алдыңкы өлкөлөрдүн тоо-лыжа курортторун өнүктүрүү тажрыйбасын көрүү үчүн барып жатканынын башкы максаты да мына ушунда турса керек. Кыргызстанда спорттук объектилерди курууда алардын кийинки 10–20 жылда кандай иштей турганы алдын ала эсептелиши керек. Эгерде бизде кышкы туризм ойдогудай өнүгүүгө кадам таштабаса, келечеги кыйын болуп калат. Ал үчүн биздеги кышкы спортко шарттарды түзүү менен бирге дүйнөлүк кышкы оюндарга катышууга кадам ташташыбыз керек болот. Менимче, Юта шаарынын тажрыйбасы бизге практикалык модель боло алат. 2034-жылкы Кышкы Олимпиада Солт-Лейк-Ситиде өтө турганы Кыргызстан үчүн дагы бир мүмкүнчүлүк. Кыргызстандык спортчуларды ошол Олимпиадага системалуу даярдоо үчүн АКШдагы спорттук уюмдар, машыктыруучулар жана уюштуруу комитети менен байланыштарды азыртан түзүү пайдалуу болмок. Бул бир жолку визиттен көрө, узак мөөнөттүү спорттук кызматташтыкка айланса, натыйжасы кыйла кеңири болот беле деген тилек ар бирибизде болсо керек. Демек, Президенттин Ютадагы Олимпиадалык паркка барышынын маанисин Кыргызстан үчүн жаштардын кышкы спортко тартылышы, спорттук инфраструктураны эффективдүү пайдалануу жана тоо туризмин өнүктүрүү багытында эң мазмундуу сапар катары баалай берели.
Ири долбоорлор ишке ашырылат
Кыргызстандын туризм тармагында чоң амбициялары бар. Биздин милдет – лыжа базалары менен бирге алардын айланасындагы аймактарды кошо өнүктүрүп, заманбап мейманканалар, ресторандар, тейлөө чөйрөсү, жаңы жумуш орундары жана инвестициялар пайда боло турган дүйнөлүк деңгээлдеги курортторду түзүү. Эгер заманбап тейлөөнү жолго коюп ала турган болсок, алар жыл бою биздин жарандарыбыз үчүн да, дүйнөнүн булуң-бурчунан келген коноктор үчүн да жагымдуу болмок. Мына ошону эске алган Президент Садыр Жапаров мындай долбоорлордун алгачкыларынын бири катары биз жогоруда сөз кылган Ысык-Көл облусунда курулуп жаткан “Ала-Тоо Резорт” аймагын жыл бою иштеген тоо кластери болорун эске алуу менен ишке ашырып жатканы жакшы болууда. Ал боюнча Президент Юта штатындагы жолугушууларында: “Биз туура багытты тандаганыбызга дагы бир жолу ынандым. “Ала-Тоо Резорт” дүйнөлүк маанидеги курортко жана жалпы Ысык-Көлдүн өнүгүүсүнүн негизги кыймылдаткычтарынын бирине айланышы керек. Бирок, биз башынан эле бардыгын башкы пландаштыруудан жана архитектурадан тартып, суу, энергетика, транспорт маселелерин чечүүгө, калдыктарды башкарууга жана жаратылышты сактоого чейин дүйнөлүк деңгээлде жасашыбыз зарыл. Бизге берилген байлыкка аяр мамиле жасап, уникалдуу жерлерибизде баш аламан курулушка жол бербешибиз керек” — деп белгиледи.
Президент “Ала-Тоо Резортту” өнүктүрүү өлкөнүн ар кайсы аймактарында заманбап туристтик кластерлерди түзүү боюнча масштабдуу иштин башталышы катары каралып жатканына токтолду. Кыргызстан АКШ, Европа, Азия өлкөлөрүнүн жана коңшу мамлекеттердин алдыңкы тажрыйбасын үйрөнүп, эл аралык алдыңкы мейманкана тармактарын, инвестицияларды, технологияларды жана башкаруу тажрыйбасын тартууну көздөгөнүн ачык айтты. Мына ушундан соң, Президент тиешелүү мамлекеттик органдарга Юта штатында сунушталган тоолуу аймактарды комплекстүү өнүктүрүү тажрыйбасын изилдеп, Кыргызстанда туристтик долбоорлорду ишке ашырууда колдонууга мүмкүн болгон чечимдерди пайдаланууну, анын ичинде эл аралык мейманкана бренддерин жана инвесторлорду тартуу механизмдерин иштеп чыгууну тапшырды.
Кыргызстандын кирешеси туризмде
Кыргызстанда туризм акырындык менен экономиканын киреше алып келген маанилүү тармагына айланып бара жатат. Ар кыл туристтерди чакырган курулуп жаткан объекттер адамдын ичин жылытат жана келечегибиздин кең экендигине болгон үмүт ушул багыттарда сезилет. Чындап эле, туризм бизге кирешени ченебей алып келе турган тармак экени ар тармактуу иштерден улам ачык көрүнүүдө. Маалыматтарга таяна турган болсок, 2025-жылы туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн экспорту $1,098 млрдга жетип, 2024-жылга салыштырмалуу 8,1% өскөнү маалым. Туризм секторунда түзүлгөн дүң кошумча нарк 74,4 млрд сомду түзүп, өлкөнүн ИДПсындагы үлүшү 3,8%га жеткен. Ошол эле жылы тармакка $87 млндан ашык түз чет элдик инвестиция тартылып, бул 2024-жылга караганда дээрлик 8 эсеге көп болгон.
Кыргызстандын негизги туристтик артыкчылыгы – тоолору жана жаратылышы. Акыркы кезде альпинизм, ат туризми, лыжа жана экотуризм сыяктуу багыттардын кеңейиши туристтик кирешени борбордон алыскы аймактарга дагы алып барууга шарт түзүүдө. Башкача айтканда, тоо туризми айылдарда конок үйлөргө, гиддерге, транспортко, тамак-ашка, кол өнөрчүлүккө жана жергиликтүү кызматтарга жаңы киреше булагын ачып берүүдө. Мунун конкреттүү мисалы катары Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы (БУУӨП) Кыргызстанда туризмди туруктуу өнүктүрүү багытында колдогон 42 чакан жана орто ишкананын жыйынтыктарын белгилеп айтсак болот. Алардын кирешеси 70,4 млн сомдон 180,2 млн сомго чейин көбөйгөн. Туристтик товарлар жана кызмат көрсөтүүлөрдүн экспорту 42,9 млн сомго жетсе, чет элдик туристтердин саны бир чөлкөмдү алганда 14 880ден 36 миңге чейин өскөн. Бул туризмдин жергиликтүү экономикага түз таасири болуп жаткандыгын көрсөтөт. Инвестиция жагынан да өзгөрүү байкалып, 2025-жылы туризмге багытталган түз чет элдик инвестициялардын өлкөдөгү жалпы инвестициядагы үлүшү 1,1%дан 6,7%га чейин өскөн.
Туризм багытындагы мүмкүнчүлүктөрүбүз кооз жаратылышыбыз, тоолорубуз менен эле бүткөн жери жок. Өлкөдө спорттук, маданий жана көңүл ачуу туризми да жаңы багыттарды ачып жатат. Ысык-Көлдөгү суу спорту боюнча мелдештер, мото-кайыктар жарышы сыяктуу иш-чаралар көлдүн туристтик потенциалын кеңири таанытууга мүмкүнчүлүк берип жатат. Ал эми Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанды көчмөн цивилизациясынын өзгөчө маданий борбору катары дүйнөгө таанытты. Ал эми Бишкекте “Бишкек Арена” сыяктуу заманбап ири спорттук жана концерттик аянттардын пайда болушу да туризм үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө. Ал жерлерде дүйнөгө белгилүү ырчылардын чоң концерттерди өткөрүшү, маданий туризмдин өнүгүшүнө да өбөлгө боло алат. Мындан тышкары, Кыргызстанды Европа Биримдигинин аба мейкиндигине кирүүгө тыюу салынган тизмеден чыгарышы да авиация жана туризм тармагы үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачары күтүлүүдө. Бул деген Европа өлкөлөрү менен түз авиакаттамдарды уюштурууга жана туристтердин Кыргызстанга келүүсүн жеңилдетүүгө шарт түзүшү мүмкүн. Мына ушундай жетишкендиктерибиздин аркасында 2026-жылы өлкөгө 12 миллионго жакын турист тартуу максаты коюлуп жатканы да туризмдин алдына чоң милдеттер коюлганын көрсөтөт.
Демек, бүгүнкү Кыргызстанда туристтер үчүн тоолору жана Ысык-Көлү менен бирге спорттук мелдештер, көчмөндөрдүн маданияты, эл аралык иш-чаралар, ири концерттер жана жаңы туристтик багыттар айкалышкан чөйрө калыптанып жатат. Эми ошол мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдаланып, инфраструктураны, тейлөөнүн сапатын, транспорттук жеткиликтүүлүктү жана туристтик коопсуздукту мындан ары да жакшыртуу маанилүү. Ошондо өлкөнүн жаратылышы менен маданияты дүйнөнүн булуң-бурчунан келген меймандар үчүн дагы да жагымдуу багытка айланып, туризм Кыргызстандын экономикасынын туруктуу өсүшүнө салым кошкон негизги тармактардын бири боло алат.
Күнболот Момоконов