Тоолуу региондорду өнүктүрүү зарылдыгы

Өлкө башчысы Садыр Жапаров мындан 3 жыл мурда  «2023-2027-жылдар мезгилин тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыкка кол койгон.

Жарлык өлкөнүн экологиялык, экономикалык, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, климаттын туруктуулугун жогорулатуу, жаратылыш мурастарын сактоого багытталат.  өлкөдө региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын өткөрүү концепциясы жана Жол картасы бекитилген.

Эске салсак, 2021-жылдын 14-декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясы «2023-2027-жылдар мезгилин тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын» өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын демилгесин колдоого алган, бул тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн көйгөйлөрүн чечүү боюнча республиканын маанилүү милдеттерин түшүндүрөт. Ошондой эле Кыргызстандын тоолуу мамлекеттер арасындагы лидерлик ролун жана бул жаатта эл аралык күчтөрдү бириктирүүгө болгон умтулуусун билдирет.

Аны менен катар Мамлекет башчысы Садыр Жапаров эл аралык аянтчаларда мөңгүлөрдүн тез эриши, табигый кырсыктардын көбөйүшү жана тоолуу экосистемалардагы суу ресурстарынын азайышы терең тынчсызданууну жаратып жатканын белгилеп, аны адамзат сактоого зарыл экенине чакырык таштап келет.

Президент  Садыр Жапаров 2024-жылы БУУнун Климаттын өзгөрүүсү боюнча Алкактык Конвенциясынын тараптарынын 29-конференциясынын жогорку деңгээлдеги сегментинде сөз сүйлөгөн.

“Тоолуу аймактардагы жана экосистемалардагы процесстерге байланыштуу тоолордо гана эмес, ошондой эле төмөнкү аймактарда жашаган адамдардын жашоосу дагы көз каранды экендигине сиздердин көңүлүңүздөрдү бургум келет. Региондогу суу ресурстары климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу жылдан жылга азайып, суу-энергетикалык жана азык-түлүк коопсуздугуна жана жалпы эле бардык өлкөлөрдүн социалдык-экономикалык абалына терс таасирин тийгизүүдө. Акыркы 70 жылда Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты 16%га кыскарды, ал эми айрым аймактарда дээрлик бардык мөңгүлөр жок болуп кеткен. 2100-жылга карата мөңгүлөрдүн жарымынан көбүн жоготуп алышыбыз мүмкүн. Тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү маселесинин маанилүүлүгүн эске алып, БУУнун Башкы Ассам-блеясы биздин демилгебиз менен 77-сессиясында «Тоолорду туруктуу өнүктүрүү» резолюциясын кабыл алып, анын алкагында 2023-2027-жылдар Тоо аймактарын өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы деп жарыяланды. Урматтуу достор, жогоруда айтылган демилгелерди ишке ашырууда биз өнүгүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосуна, тоолуу гана эмес, башка өлкөлөрдүн да колдоосуна ишенебиз, анткени тоолор 1,1 миллиард тоолуу региондордун тургундарын гана эмес, төмөнкү аймактарда жашаган 2 миллиардга жакын адамды суу жана башка ресурстар менен камсыз кылат”,-деген Мамлекет башчысы С.Жапаров.

                                                                                                                  Унутулган шаарлар жанданабы?

Жакында тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгынын алкагында Нарын облусунун Жумгал районунда “Миң-Куш айылын туруктуу туризм аркылуу өнүктүрүү” — “Унутулган шаарларды жандандыруу” аталышындагы форум уюштурулду.

Форумда катышуучулар Миң-Куштун жана жалпы эле Жумгал районунун туристтик, жаратылыш, тарыхый-маданий жана гастрономиялык мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгышты. Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын өкүлү Динара Кемелова өз сөзүндө бүгүнкү күндө Миң-Куш тургундар жана коноктор үчүн толугу менен коопсуз экенин, ошондой эле жашыл экономика, айыл чарба жана туризмди өнүктүрүү үчүн чоң мүмкүнчүлүккө ээ экенин белгиледи. Иш-чара уран калдыктарынын объектилерине жакын жайгашкан калктуу конуштардын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө арналды. Форум мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, бизнестин жана жергиликтүү жамааттардын уран калдыктары бар аймактарды Кыргызстандын жашыл экономикасынын жана туризминин өсүү чекиттерине айландыруу боюнча аракеттерин координациялоонун маанилүүлүгү айтылды. Форум  Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсесинин, БУУнун Өнүктүрүү программасынын, Европа Биримдигинин жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын колдоосу, Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын өкүлү, райондук  бийлик өкүлдөрү уюштурду.  Бул иш-чара  Миң-Кушту жаңы туристтик багыт катары таанытуу жана Жумгал районунун туруктуу өнүгүүсү боюнча маселелерди талкуулоо үчүн аянтча болду.

                                                                                                             «Миң-Куш – туризмдин айылы болот»

 

Миң-Куш айыл аймагынын башчысы Саламат Керимов:

– Биздин айыл аймактын карамагында 8 айыл бар. Калктын жалпы саны 6008ди түзөт.  Ал эми Миң-Куш айылынын өзүндө калктын саны 3415ди түзөт. 641 түтүн бар. Акыркы жылдары тоо арасындагы айылдарды мамлекет колдоого алып, ар түрдүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Унутта калган шаар жанданып, өнүгүүгө карай багыт алууда. Ал эми май айынын соңунда Миң-Кушта  Президентибиздин тоолуу аймактарды өнүктүрүү жарлыгынын алкагында чоң форум уюштурулду. Негизги маселе туризм багытын жаңы деңгээлге чыгаруу боюнча ар түрдүү талкуулар менен коштолду.

Миң-Куш айылдык кеңешинин депутаты Акылбек уулу Самат:

– Миң-Куш кезинде күркүрөп өнүккөн шаарча болгону белгилүү. Бул жерде кийинчирээк уран казуу  иштери токтогондон кийин  заводдор болгон. Калем, фломастер, сызгыч сыяктуу окуу куралдарын чыгарган ишканаларда миңдеген жергиликтүү тургундар иштегени айтылат. Азыркы кезде жергиликтүү калк мал чарбачылыгына, туристтик багыттарга басым жасоодо. Азыр айылда “Миң- Куш” жаштар уюму бар. Аталган уюм айыл эли үчүн көптөгөн долбоорлорду ишке ашырып,  жергиликтүү элге кызматтарды көрсөтүп келет. Атап айтсак,  айылга чач тарач, жаштар үчүн ресурстук борбор, китепкана ачылган. Айымдар үчүн бий залы, жаштар үчүн сүрөткө түшүүчү фото зал ачылган. Мындан тышкары ден соолук долбоорунун алкагында Миң-Куштагы ооруканага 15 койкага ылайыкташкан керебеттер, тренажордук жабдуулар, телевизор, ашканага эмеректер алынган. Айылда конок үйлөрү ачылууда. Туризмдин арты менен айыл эли каражат табуунун жолуна өтүүдө.  Биздин айылда жакында өткөн форум туризмди жандантууга чакырык таштады. Мында айылыбызга 50дөн ашуун турфирмалар келишти. Эл менен пикир алышуу, иштешүү боюнча да ар кандай сунуштар болду. Тоолуу, алыскы региондорго мамлекет көңүл бөлүп, жаңы ишканаларды ачууга багыт алса, натыйжасы жакшы болооруна ишенебиз.

                                                                                               Аймактардын өнүгүүсү  калк жашоосун жакшыртат

Жетүүгө кыйын болгон, шарты катаал тоолуу аймактарга мамлекеттин көңүл буруусу, алардын социалдык көйгөйлөрүн чечип берүү, жаңы шарттарды түзүү, ошол эле учурда табигый азыктарды өндүрүү, колдонуу аркылуу аймактарга жаңы туристтерди тартууга өбөлгө түзөт десек болот. Тоого, жаратылышка аяр мамиле кылуу, тазалыгын сактоо, жашыл көчөттөрдү отургузууну кеңейтүү зарыл. Ал эми экономисттер айылдарга соц объекттерди салуу менен катар чакан ишканаларды куруу оң натыйжа берээрин белгилешет.

Даярдаган: Мээрим Бактыбек кызы

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X