Топтомо пенсияны колдонуу мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилди

15-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 12

Кыргызстанда пенсиянын топтомо бөлүгүн пайдалануу тартиби жеңилдетилди. Бул тууралуу Социалдык фонду билдирди.

Маалыматка ылайык, эми пенсиялык топтомо каражаттарын ипотекалык насыяларды төлөөгө жана оор ооруларды дарылоого бир нече жолу пайдаланууга мүмкүнчүлүк берилди.

Ошондой эле үлүштүк курулушка багытталган каражаттарды расмий никедеги жубайлар да чогуу пайдалана алышат. Каражатты колдонуу үчүн минималдуу сумма 50 000 сомдон жогору болушу керек.

Мындан тышкары, айрым керектүү документтер мамлекеттик электрондук система Түндүк аркылуу автоматтык түрдө алынары белгиленди. Бул жарандар үчүн процедураларды жеңилдетүүгө жана убакытты үнөмдөөгө багытталган.

15-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 12
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X