Төрага Марлен Маматалиев Талантбек Ташибековду кабыл алды

18-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 117

17-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Талантбек Ташибеков менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө агенттиктин алдыдагы иш пландары, ошондой эле дин жана этностор аралык мамилелер жаатындагы артыкчылыктуу багыттар талкууланды. Мындан сырткары, аталган тармакка байланыштуу мыйзам чыгаруу демилгелери боюнча пикир алышуу болду.

Талантбек Ташибеков жүргүзүлүп жаткан иштер жана келечектеги долбоорлор тууралуу маалымат берип, диний жана этностор аралык ынтымакты бекемдөөгө багытталган чараларга токтолду.

Өз кезегинде Төрага Марлен Маматалиев Жогорку Кеңеш коомдун руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө багытталган мыйзам долбоорлорун колдоого даяр экенин белгиледи.

«Өлкөбүздө дин тутуу эркиндигине өзгөчө маани берилет. Кыргызстан светтик жана көп конфессиялуу мамлекет болгондуктан, диний маселелерге байланышкан бардык демилгелер кылдат жана ар тараптуу изилдениши керек», — деди Төрага.

Ошондой эле ал кыргыз эли кылымдар бою ханафий мазхабын карманып келгенин белгилеп, улуттук руханий мураска негизделген салттуу диний баалуулуктарды сактоо жана өнүктүрүү маанилүү экенин айтты.

Жолугушууда дин мамлекеттик бийлик органдарынын ишмердүүлүгүнө жана саясий процесстерге кийлигишпеши керектиги да өзгөчө белгиленди. Тараптар бул багыттагы кызматташтыкты мындан ары да улантуу зарылдыгын белгилешти.

18-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 117
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X