Төрага Улуттук хирургия борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев М.М. Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборуна барып, медициналык мекеменин ишмердүүлүгү менен жеринен таанышты.

Иш сапардын жүрүшүндө Төрага жакында биринчи жолу боор алмаштыруу операциясын ийгиликтүү жүргүзгөн дарыгерлер менен жолугушуп, ошондой эле операциядан өткөн бейтаптардын абалы тууралуу маалымат алды.
Марлен Маматалиев тарыхый операцияны ийгиликтүү ишке ашырган медициналык топко ыраазычылык билдирип, бул жетишкендик өлкө медицинасынын өнүгүүсүндө маанилүү кадам экенин белгиледи.

«Сиздер кыргыз медицинасын жаңы деңгээлге көтөрүүгө өбөлгө түздүңүздөр. Бул тажрыйба жүздөгөн мекендештерибиздин өмүрүн узартып, саламаттыкты сактоо тармагыбыздын өнүгүшүнө чоң түрткү берет», – деди ал.
Ошондой эле Төрага медайымдарды кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын саламаттык сактоо системасындагы орду өзгөчө экенин белгиледи. «Медайымдык кесип – бул жөн гана кызмат эмес, чоң сабырдуулукту, адамгерчиликти жана кесипкөйлүктү талап кылган ыйык миссия», – деп кошумчалады ал.

Иш сапардын алкагында Төрага алдыңкы медициналык кызматкерлерге Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Ал саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүү мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп, акыркы жылдары каржылоо көбөйүп, ооруканалар жаңыланып, медициналык жабдуулар алынып жатканын айтты. Ошондой эле дарыгерлердин эмгек акысынын жогорулашы да тармакка болгон колдоонун көрүнүшү экенин белгиледи.

Андан соң Төрага борбордун материалдык-техникалык базасы менен таанышып чыкты. Дарыгерлер трансплантология бөлүмүнүн аянты чакан экенин белгилеп, аны кеңейтүү жана оорукананын эскирген бөлүктөрүн жаңылоо зарылдыгын көтөрүштү.
Марлен Маматалиев бул маселелер боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлөрүн белгилеп, оңдоп-түзөө жана шарттарды жакшыртуу багытында Жогорку Кеңештин тармактык комитети менен биргеликте колдоо көрсөтүлөрүн кошумчалады.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X