Төрт-Көлдө эл көйгөйлөрү жеринде угулуп, чечүү тапшырмалары берилди
Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов, ошондой эле облустук жана райондук жетекчилер менен биргеликте Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө айыл тургундары тарабынан көтөрүлгөн көйгөйлөр угулуп, аларды чечүүнүн жолдору талкууланды. Калкты түйшөлткөн негизги маселелердин катарында таза суу менен камсыздоо, сел коркунучун алдын алуу, жер маселелери, маданият үйлөрүнүн абалы жана социалдык көйгөйлөр болду.
Тургундардын маалыматына ылайык, айыл аймагындагы беш айылда таза суу жетишсиздиги сакталууда. Бул багытта Бостон айылына суу резервуарын куруу жана билим берүү мекемелерин убактылуу суу түтүктөрү менен камсыздоо боюнча сунуштар айтылды.
Ошондой эле төрт айылдын жашоочулары сел коркунучунан улам коргоочу дамбаларды куруу маселесин көтөрүштү. Жергиликтүү тургундар акыркы жылдары жаратылыш кырсыктарынын тобокелдиги күчөп жатканын белгилешти.
Жолугушууда көп жылдан бери чечилбей келген жер маселеси да кеңири талкууланды. Айрым тургундар мурдагы жетекчилер тарабынан жер тилкелери мыйзамсыз сатылган болушу мүмкүн экенин билдиришти. Бул боюнча тиешелүү органдар тарабынан текшерүү иштери башталганы маалымдалды.
Мындан сырткары, айыл аймагындагы жети айылда маданият үйлөрү жок же авариялык абалда экени айтылып, Ана-Кызыл айылындагы маданият үйүн куруу үчүн 1 миллион сомдук долбоор даярдалганы маалым болду.
Жарандар тарабынан социалдык жөлөк пулдарды дайындоо, ички жолдорду оңдоо жана көпүрөлөрдү куруу боюнча да сунуш-пикирлер айтылып, алардын бардыгы протоколго киргизилди.
Жыйындын жыйынтыгында Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев тиешелүү мекеме-уюмдардын жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берди. Ага ылайык, жер маселесине байланышкан жагдайларды эки жуманын ичинде иликтөө, 2008-жылдан бери чечилбей келген чек аралаш жер маселелерин бир ай ичинде тактоо, селден коргоочу дамбалардын долбоорлорун даярдоо жана мектеп, ФАП, маданият үйлөрү боюнча долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу милдеттендирилди.
Мындан тышкары, аймакты өнүктүрүү фондунун эсебинен көчөлөрдү жарыктандыруу иштерине 3 миллион сом, маданият үйүнүн долбоорун даярдоого 1 миллион сом бөлүнгөнү белгиленди.
Жолугушууну жыйынтыктаган Аманкан Кенжебаев көтөрүлгөн бардык маселелер жеке көзөмөлүндө болорун билдирди.
— Элдин көйгөйлөрүн жеринде угуп, алардын чечүү жолдорун тактадык. Ар бир маселе боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди. Алардын аткарылышын жеке өзүм көзөмөлдөйм, — деди ал.