Трактор, индустриалдык парк жана жаңы жумуш орундары: Өкмөттө ири долбоорлор талкууланды
Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери жана ата мекендик бизнестин өкүлдөрү менен кеңешме өткөрдү.
Жыйында стратегиялык инвестициялык долбоорлордун жүрүшү, Чүй облусунда биринчи индустриалдык парк түзүү жана ата мекендик машина куруу менен айыл чарба тармагын мамлекеттик колдоо маселелери талкууланды.
Анын алкагында Токмок шаарында LOVOL тракторлорун чогулткан «АгромашХолдинг-ТехСервис» ишканасын колдоо маселеси каралды. Ошондой эле ата мекендик айыл чарба техникаларын сатып алууну стимулдаштыруу, анын ичинде жеңилдетилген лизинг механизмдерин өркүндөтүү сунушталды.
Мындан тышкары, Ысык-Ата районунда индустриалдык парк түзүү маселеси талкууланды. Долбоор өндүрүштүк инфраструктураны өнүктүрүүгө, инвестиция тартууга, жаңы ишканаларды жайгаштырууга жана жумуш орундарын түзүүгө багытталат.
Ошондой эле Талас облусунда мунай сактоочу жай куруу маселеси каралды.
Жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга сунуштарды иштеп чыгуу жана аталган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иштерди улантуу тапшырылды.