Транспорт тармагынан бюджетке түшкөн киреше 614 млн сомдон ашты
Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында транспорт тармагындагы кызмат көрсөтүүлөрдөн мамлекеттик бюджетке 614 миллион сомдон ашык каражат түштү. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Талант Солтобаев билдирди.
Анын айтымында, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17 пайызга, же дээрлик 91 миллион сомго көп.
Ошондой эле министр транспорттук көзөмөл күчөтүлгөндөн бери 6 миң 766 мыйзам бузуу фактысы аныкталганын маалымдады. Анын негизинде жалпы суммасы 101 миллион 625 миң 500 сомду түзгөн айып пулдар салынган.