Түндүк айланма жолунун курулушу эки нөөмөттө жүрүүдө
Түндүк айланма жолунун курулушун белгиленген мөөнөттө бүтүрүп, пайдаланууга берүү максатында иштер эки нөөмөт менен жүргүзүлүүдө. Учурда жол куруучулар күндүз да, түнкүсүн да тынымсыз эмгектенип жатышат.
Министрликтен билдиришкендей, жаңы жол 4–6 тилкелүү болуп курулууда. Долбоор Президент Садыр Жапаровдун колдоосу жана мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражаттын эсебинен ишке ашырылып жатат.
Курулуш иштеринин жүрүшү Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин туруктуу көзөмөлүндө.