Түндүк айланма жолун куруу үчүн 400дөн ашык объект алынган
Бишкектеги Түндүк айланма жолунун курулушунда 424 объект демонтаждалганын калаа мэри Айбек Жунушалиев “Ачык кабинет” долбоорунун жүрүшүндө билдирди.
Ошондой эле алты тилкелүү кең жолду жана өтмөктөрдү куруу демилгесин шаар мэриясы көтөргөн, курулуш иштерин Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жүргүзүүдө.
Айбек Жунушалиев “бизге жолдун курулушун ыкчамдатуу үчүн демонтаж иштерин жүргүзүү милдети жүктөлгөн. Учурда турак жайларды жана башка курулуштарды кошкондо жалпы 424 объект алынган”, — деди.
Түндүк айланма жолун кеңейтүү долбоору борбор калаадагы жол тыгындарын азайтып, транспорт кыймылын жөнгө салууга багытталган.