«Түндүк» тиркемесинде эми бардык эмдөөлөр тууралуу маалыматты алууга болот

20-август, 2026-ж. / Редакция / Медицина 55

«Түндүк» мобилдик тиркемесинде «Эмдөө тууралуу сертификат» кызматы кеңейтилди. Эми жарандар COVID-19га каршы эмдөөдөн тышкары, катталган бардык профилактикалык жана башка эмдөөлөрү тууралуу маалыматты электрондук түрдө ала алышат.

Сертификат Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматтык системаларындагы маалыматтардын негизинде автоматтык түрдө түзүлөт.

Документте вакцинанын аталышы, дозасы, эмдөө жүргүзүлгөн күнү, сериясы жана өндүрүүчүсү тууралуу маалыматтар көрсөтүлөт. Мындан тышкары, сертификат ээсинин жеке маалыматтары жана сүрөтү камтылат.Возможно, это изображение текст "9:41 oll < Эмдее тууралуу санариптик сертификат эми <<ΤΥΗДУΚ>> ТИРКЕМЕСИНДЕ ЖЕТКИЛИКТУ Сертификат ο вакцинации •* Сертификат История Эмдее тууралуу сертификат Сертификато 0 вакцинации Граждвнин Иванов Иван Иванович Маалымат коопсуз жана расмий булактардан алынат Туулган куну/ Дата рождения 01.01.1990 01.01 1990 жСН ЖСН/ИНН инн 20101199000001 Бардык катталган эмдеелер женунде маалыматты онлайн керунуз Эмдеелер Вакцинации COVID-19 БЦЖ 02.03.2021 Вгв 15.10.2022 > АКДС VACCINE 20.05.2010 > 10.06.2010 > malens"

Электрондук сертификат кыргыз, орус жана англис тилдеринде жеткиликтүү. Документтин аныктыгын QR-код аркылуу текшерүүгө болот.

Ошондой эле 18 жашка чейинки балдардын эмдөө сертификаты ата-энелеринин «Түндүк» мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү болот.

Жаңы мүмкүнчүлүк жарандарга эмдөө тууралуу маалыматтарын смартфон аркылуу тез жана ыңгайлуу алууга шарт түзөт.

20-август, 2026-ж. / Редакция / Медицина 55
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X