«Түндүк» тиркемесинде Президентке кайрылуу бөлүмү ишке кирди
Кыргызстандын жарандары эми өлкө башчысы Садыр Жапаровго кайрылууларын санарип форматта жөнөтө алышат. Бул мүмкүнчүлүк Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан ишке киргизилип, «Түндүк» мобилдик тиркемесине «Президентке кайрылуу» аттуу жаңы бөлүм кошулду.
Жаңы сервис жарандар менен мамлекет башчысынын ортосундагы байланышты жеңилдетүүгө жана кайрылууларды кабыл алуу процессин жөнөкөйлөтүүгө багытталган.
Мындан ары жарандар арыздарын кагаз түрүндө даярдап, почта аркылуу жөнөтүүгө же мамлекеттик мекемелерге жеке барууга муктаж болбойт. Бардык процесс онлайн режиминде жүргүзүлөт.
Колдонуучулар өздөрүнүн көйгөйлөрүн, сунуштарын жана пикирлерин жазуу түрүндө жөнөтүп, аларга тиешелүү документтерди, сүрөттөрдү жана башка тастыктоочу материалдарды тиркей алышат.
Санариптик система аркылуу жөнөтүлгөн ар бир кайрылуу расмий каттоодон өтүп, анын каралуу процессин көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Бул өз кезегинде кайрылуулардын жоголуп кетүү коркунучун азайтып, жарандардын мамлекеттик органдар менен болгон байланышын жакшыртат.
Министрликтин маалыматына ылайык, жаңы кызмат калктын үнүн бийликтин жогорку деңгээлдерине тез жеткирүүгө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү заманбап талаптарга ылайык өнүктүрүүгө багытталган.
Жаңы мүмкүнчүлүктү колдонуу үчүн жарандар «Түндүк» тиркемесин акыркы версиясына жаңыртып, башкы беттеги «Президентке кайрылуу» бөлүмүнө өтүшү керек.