«Түндүк» тиркемесинде «Шайлоочунун кабинети» санариптик кызматы ишке кирди

16-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 120

Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн шайлоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган жаңы санариптик кызмат – «Шайлоочунун кабинети» эми «Түндүк» мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү болду.

Жаңы кызмат аркылуу шайлоочулар онлайн режимде өздөрүнүн шайлоо участогу тууралуу маалымат алып, буга чейин берилген арыздарды көрө алышат. Мындан тышкары, шайлоо участоктору боюнча каттоосу кайсы дарекке которулганын текшерүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Белгилей кетсек, буга чейин «Шайлоочунун кабинети» өзүнчө веб-платформа катары иштеп келген. Жарандардын ыңгайлуулугун жогорулатуу максатында анын негизги функциялары «Түндүк» мобилдик тиркемесине интеграцияланды. Бул мамлекеттик кызматтарды бирдиктүү санариптик канал аркылуу тез жана ыңгайлуу пайдаланууга шарт түзөт.

Долбоор шайлоо процессин санариптештирүү, мамлекеттик кызматтардын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле жарандардын шайлоого байланыштуу маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында ишке ашырылды.

«Шайлоочунун кабинети» кызматы «Түндүк» мобилдик тиркемесинде каттоодон өткөн бардык колдонуучулар үчүн жеткиликтүү.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X