Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолу бир тараптуу ачылды

4-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 239

4-июль күнү жаан-чачынга байланыштуу Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунун айрым тилкелерине сел түшүп, жол убактылуу жабылган.

Жеринде Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жол эксплуатациялоо мекемесинин кызматкерлери атайын техникаларды тартуу менен ыкчам тазалоо жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүштү. Учурда жол бир тараптуу ачылып, унаалардын каттамы камсыздалды.

Министрлик айдоочуларды убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууга, жол эрежелерин так сактоого жана этият болууга чакырат.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X