Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунда таштар тазаланып, каттам кайра жанданды

3-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 126

Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунун 243–296-чакырым аралыгында таш көчкүсү түшкөн. Жолду тазалоо жана коопсуздукту камсыздоо максатында министрликтин атайын техникалары тартылып, жолдогу таштар тазаланды. Учурда каттам ачык.

Аталган унаа жолдун кооптуу тилкелерине коргоочу тирөөч дубалдар орнотулууда.

Мындан тышкары, айдоочуларга ыкчам жардам көрсөтүү үчүн SOS белгилери коюлуп, анда байланыш номерлери көрсөтүлгөн. Эгерде жолдо техникалык мүчүлүштүк же башка өзгөчө кырдаал жаралса, SOS белгилеринде көрсөтүлгөн байланыш номерлери аркылуу жол тейлөө кызматтарынын адистерине кайрылсаңыздар болот.

3-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 126
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X