Түндүк–Түштүк альтернативдик жолу селден кийин кайра ачылды

22-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 142

21-июнда нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунун 361–370-чакырым аралыгына сел түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жаралган.

Окуя болгон жерге атайын техникалар жана жол кызматкерлери тартылып, тазалоо иштери ыкчам жүргүзүлдү.

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында жол 22-июнда таңкы саат 05:00дө толугу менен тазаланып, унаалардын каттамы эки тараптуу калыбына келтирилди.

Учурда жолдун коопсуздугун камсыздоо жана өткөрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында жолду кеңейтүү иштери улантылууда.

22-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 142
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X