Түндүк–Түштүк автожолунда коопсуздукту камсыздоо иштери күчөтүлдү
Транспорттук инфраструктураны жакшыртуу жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында №18 Жол тейлөө мекемеси тарабынан Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунда оңдоо жана калыбына келтирүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Маалыматка ылайык, жолдун 243–296-чакырым аралыгында тоо бетинен кулап түшкөн таш көчкүлөрдү тазалоо иштери улантылып жатат. Бул иштер жолдун өткөрүмдүүлүгүн сактоого жана айдоочулардын коопсуздугун камсыздоого багытталган.
Ошондой эле 260-чакырымдагы ДРП курула турган тилкеде жер жумуштары аткарылууда. Учурда бул жерде эки механикалык жүктөгүч тартылып, тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.
Мындан сырткары, Казарман–Акталчат унаа жолунун 8–99-чакырым аралыгында автогрейдердин жардамы менен жолду калыбына келтирүү жана тегиздөө иштери жүргүзүлүп жатат.
Ал эми Казарман–Жалал-Абад унаа жолунун 1–3-чакырымындагы кооптуу тилкелерде жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу максатында парапет орнотуу иштери аткарылды.
Жүргүзүлүп жаткан иштер жолдордун техникалык абалын жакшыртып, айдоочулар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өбөлгө болууда.