Түндүк-Түштүк жолу ноябрга чейин пайдаланууга берилди
Бүгүндөн тарта Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолу транспорт кыймылы үчүн убактылуу ачылды.
Маалыматка ылайык, жарандардын кайрылуулары эске алынып, жол үстүбүздөгү жылдын ноябрь айына чейин пайдаланууга берилет.
Ошол эле учурда тиешелүү кызматтар жолдун айрым тилкелеринде таш кулоо коркунучу дагы эле сакталып жатканын эскертип, айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого жана этият болууга чакырышты.
Белгиленгендей ноябрь айынан тарта аталган жол кайрадан жабылып, коопсуздук чараларына байланыштуу 2027-жылдын май айына чейин пайдаланууга берилбейт.