Түптүн Кең-Суу айылында 180 батирлүү ипотекалык турак жай комплексинин курулушу башталды
Түп районунун Кең-Суу айылында ипотекалык турак жай комплексинин курулушуна старт берилди. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, «Хан-Теңири-6» турак жай комплекси 1,65 гектар жер аянтына курулат. Долбоордун алкагында алты кабаттуу үч көп батирлүү үй салынып, жалпысынан 180 батир пайдаланууга берилет.
Анын ичинен 42си бир бөлмөлүү, 102си эки бөлмөлүү жана 36сы үч бөлмөлүү батир болот.
Долбоор жашоочулар үчүн заманбап жана ыңгайлуу инфраструктураны камтыйт. Комплекстин аймагында балдар аянтчасы, кичи футбол талаасы, теннис корту, эс алуу жана сейилдөө жайлары, жашыл аймактар, ички жолдор, ошондой эле 220 орундуу унаа токтотуучу жай курулат.
Курулуштун башталышына арналган салтанаттуу иш-чарага президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев катышып, өлкөдө жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыздоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.
Ошондой эле жаңы турак жай комплекси бардык заманбап инженердик коммуникациялар менен камсыздалары маалымдалды. Батирлер электр энергиясына, таза суу, канализация жана борборлоштурулган жылытуу системаларына туташтырылып, жашоочулар үчүн бардык зарыл шарттар түзүлөт.