Турак жайга жол ачкан кепилдик. 267 жаранга ипотека алууга жардам көрсөтүлдү

10-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 194

Кыргызстанда турак жайга ээ болуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган ипотекалык механизмдер ишке ашырылууда. Анын алкагында баштапкы төлөмгө каражаты жетишсиз болгон 267 жаран Кепилдик фондунун жардамы менен үй сатып алууга мүмкүнчүлүк алды.

Маалыматка ылайык, берилген кепилдиктердин жалпы көлөмү 1 млрд 352,5 млн сомдон ашты.

Аталган механизм жарандар үчүн ипотека алууда негизги тоскоолдуктардын бири болгон баштапкы төлөм маселесин чечүүгө көмөктөшүп, өз алдынча турак жайга ээ болууга шарт түзүүдө.

10-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 194
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X