Туристтик объекттин долбоору үчүн 1 млн сом талап кылышкан. Министрликке караштуу жетекчи кармалды
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан ири өлчөмдө пара талап кылууга шектелип, КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматынын эки кызматкери кармалды.
УКМКнын маалыматына ылайык, Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматынын Чүй–Бишкек аймактар аралык башкармалыгынын жетекчиси жана башкы инспектору суу коргоо тилкесине жакын жайгашкан туристтик объекттин курулуш долбоорун макулдашып берүү үчүн ишкерден 1 миллион сом өлчөмүндө пара талап кылышкан.
Бул факты боюнча 2026-жылдын 7-июлунда Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү («Пара талап кылуу») менен кылмыш иши козголгон. Анын алкагында шектүүлөр пара алып жаткан учурда кармалган.
Учурда башкармалыктын жетекчиси УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ага карата бөгөт коюу чарасы тандалды. Кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары улантылып жатат.