Туризм тармагындагы камсыздандырууну өнүктүрүүгө багытталган меморандумга кол коюлду

17-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 196

Бишкек шаарында «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААК менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюу аземи болуп өттү.

Иш-чарага «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААКтын Башкармалыгынын төрагасы Элдияр Калдарбеков жана Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Эдуард Кубатов катышты.

Кол коюлган меморандум туризм жана туристтик ишмердүүлүк чөйрөсүндө камсыздандыруу маселелери боюнча тараптардын өз ара кызматташтыгын өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган. Ошондой эле документ туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу, камсыздандыруу кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана туризм тармагындагы тобокелдиктерди азайтуу боюнча биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга өбөлгө түзөт.

Тараптар меморандумдун алкагында тажрыйба алмашуу, маалыматтык-агартуу иш-чараларын өткөрүү жана туризм тармагындагы камсыздандыруу маданиятын өнүктүрүү боюнча кызматташууну улантарын белгилешти.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X