Түрк дүйнөсүнүн келечеги

2-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 102

Бишкекте «Түрк дүйнөсү диалогдору: Жалпы келечек, жалпы көз караш» аттуу панелдик талкуу өттү.

Жолугушуу Түрк мамлекеттер уюмунун алдыдагы саммитинин алдында түрк мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыкты талкуулоого арналды. Талкууда экономика, билим берүү, маданият жана коммуникациялардан тартып коопсуздук, транспорттук байланыш, жасалма интеллект жана коргонуу өнөр жайына чейинки маселелер көтөрүлдү.

Катышуучулар түрк мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүдө Түрк мамлекеттер уюмунун ролуна өзгөчө көңүл бурушту.

Роза Отунбаева белгилегендей, Кыргызстан Түркиянын дипломатия, билим берүү жана медиа сыяктуу тармактардагы тажрыйбасын колдонуп келет. Ал эми талкуунун жүрүшүндө жалпы тарых жана маданий байланыштар менен катар экономикалык жана транспорттук интеграциянын мааниси да белгиленди. Панелде ошондой эле Орто коридордун мааниси, аймактагы транспорттук байланыштарды өнүктүрүү, жалпы алфавит маселеси жана жаштардын потенциалы тууралуу пикирлер айтылды.

Талкуу Түркияда өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын 13-саммитинин алдында уюштурулуп, түрк дүйнөсүндөгү диалогун күчөтүүгө багытталды.

Белгилей кетсек, Бишкектеги жолугушууга парламент депутаттары, дипломаттар, мамлекеттик кызматкерлер, окумуштуулар жана эксперттер катышты.

Катышуучулар түрк мамлекеттеринин ортосундагы байланыштарды жаңы багыттарда өнүктүрүү үчүн диалогду улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

2-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 102
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X