Түрк мамлекеттер уюмунда билим берүү тармагындагы жаңы кызматташтык багыттары талкууланды
2026-жылдын 8-июнунда Казакстан Республикасынын Түркстан шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин билим берүү министрлеринин IX жыйынынын алкагында маанилүү эки тараптуу жолугушуу болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Түркия Республикасынын улуттук билим берүү министри Юсуф Текин менен жолугушуп, билим берүү тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүү маселелерин талкуулашты.
Жолугушууда тараптар STEM-билим берүүнү өнүктүрүү, жасалма интеллект багытындагы билим берүү программаларын ишке ашыруу, ошондой эле мугалимдер менен окуучулар үчүн алмашуу программаларын кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

Мындан тышкары, түрк тилдүү мамлекеттердин балдары үчүн биргелешкен жомок китептерин даярдоо мүмкүнчүлүгү да каралды. Тараптар бул демилгелер билим берүү тармагындагы кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууга өбөлгө болорун белгилешти.