Түркияда токой өрттөрү курорттук аймактарга жетип, эс алуучулар эвакуацияланууда

31-июль, 2026-ж. / Редакция / Кырсык 138

Түркиянын бир катар туристтик аймактарында ири токой өрттөрү чыгып, жергиликтүү тургундар менен эс алуучуларды коопсуз жайларга көчүрүү иштери башталды.

Өрт Мугла провинциясында айыл чарба жерлеринен чыгып, катуу шамалдын айынан токой тилкелерине жайылган. Жалын Фетхие – Анталья унаа жолуна жакындагандыктан, коопсуздук чараларынан улам жол убактылуу жабылды.

Каш курорттук аймагында өрттү өчүрүү иштери уланууда. Айрым үйлөрдүн тургундары эвакуацияланды. Куткаруучулардын ишин катуу шамал кыйындатууда.

Ошондой эле Газипаша, Кемер, Коркутели, Аланья жана Манавгат аймактарындагы өрттөр көзөмөлгө алынганы кабарланды.

Кютахья провинциясынын Чавдархисар районунда да токой өртү менен күрөш жүрүп жатат. Өрттүн чыгуу себептери азырынча аныктала элек.

Адыяман провинциясында эки күн мурда башталган өрт жергиликтүү кызматтар тарабынан чектөөгө алынды. Алдын ала маалымат боюнча, жалын болжол менен 50 гектар аймакка зыян келтирген. Өрттү өчүрүүгө тик учактар жана кошумча атайын техника тартылган.

31-июль, 2026-ж. / Редакция / Кырсык 138
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X