Түркмөнстандын Президенти  Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады

27-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 109

Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады.

“Ыймандуулукту жана кайрымдуулукту символдоштурган бул ыйык майрам бүткүл мусулман үммөтүн бириктирет. Жалпы руханий баалуулуктарга берилгендик мындан ары да элдерибиздин ортосундагы достукту жана тилектештикти бекемдөөгө өбөлгө түзөт деп ишенем”, — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Сердар Бердымухамедов Садыр Жапаровго ден соолук жана бакыт, ал эми Кыргызстан элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

27-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 109
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X