ТүркПА – өнүгүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү

26-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Аналитика 59

Бишкекте Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиевдин төрагалыгы алдында Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) XV пленардык жыйыны өттү. Анда түрк дүйнөсүндөгү парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу жана технологиялык өзгөрүүлөргө шайкеш мыйзамдык негиздерди түзүү маселелери талкууланды. ТүркПАнын буга чейинки жыйындарында саясий жана экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, соода-сатыкты өнүктүрүү, транспорттук байланыштарды чыңдоо, маданий мурастарды сактоо, билим берүү жана жаштар саясаты сыяктуу маанилүү маселелер талкууланып келген. Ошол өткөрүлгөн ар бир жыйын өзүнө таандык өзгөчөлүгү болгону менен алардын түпкү максаты деле түрк дүйнөсүнүн ынтымагын бекемдеп, элдердин ортосундагы байланышты жаңы баскычка көтөрүүдө эле турат.

Кечээ Бишкекте өткөн ТүркПАнын XV пленардык жыйыны ушул максаттардын уландысы болду. “Жасалма интеллект жана технологиялык прогресс доорунда түрк дүйнөсүндөгү парламенттер аралык кызматташтык” деген теманын коюлушу, бүгүнкү учурдун талабына туура келет. Жыйында Төрага Марлен Маматалиев ТүркПАнын кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгаруу зарылдыгын белгилеп, санариптештирүү, жасалма интеллект, транспорт-экономикалык байланыштар, жаштар саясаты жана билим берүү багыттарын артыкчылыктуу милдеттер катары атады. Ошондой эле геосаясий жана экономикалык өзгөрүүлөр шартында түрк мамлекеттеринин өз ара ишенимге жана жалпы кызыкчылыктарга негизделген кызматташтыгын өнүктүрүүгө чакырды. Ошону максат кылган бул жыйын, түрк мамлекеттеринин парламенттеринин кызматташтыгын тереңдетүү, санариптик өнүгүү тажрыйбаны бөлүшүү жана жаңы технологияларды элдердин кызыкчылыгына кызмат кылдыруунун жолдорун издөө багытына бурулду. Бул жаатта Кыргызстанга келген парламент жетекчилери да өз ойлорун ортого салышты.

Биримдиктин күчү – орток чечимдерде
Жыйындын жүрүшүндө алгач сөз алган Азербайжандын Милли Межлисинин Төрайымы Сагиба Гафарова парламенттер аралык алакаларды бекемдөө жана санариптик технологияларды мыйзам чыгаруу ишине киргизүү маселелерине көңүл бурду. Анын санариптештирүү, электрондук документ жүгүртүү жана шайлоочулардын кайрылууларына электрондук жооп берүү тууралуу айткандары да маанилүү болду. Маанисине келе турган болсок, технологиялар мамлекеттик башкарууну ыкчамдатуу, жарандар менен бийликтин ортосундагы байланышты жакшыртууга тийиш деген ой. Анын кызматташтыкты ТүркПАнын алкагы менен чектебей, башка өнөктөштөр менен да кеңейтүү сунушу болсо, түрк дүйнөсүнүн өнүгүшү ачык диалогго жана кеңири өнөктөштүккө байланыштуу экенин билдирип турат. Казакстандын Курултайынын Төрагасы Айбек Дадебай жасалма интеллект менен санариптештирүүнү келечектин артыкчылыктуу багыттары катары белгилеп, парламенттердин бул багытта иш алып баруудагы жоопкерчилигине токтолду. Бул жерде негизги маселе, жаңы технологияларды колдонуудан тышкары, аларды өнүктүрө турган адистерди даярдоо, илимий изилдөөлөрдү колдоо жана заманбап талаптарга жооп берген мыйзамдарды кабыл алуу зарылдыгын белгилөөдө. Парламенттердин милдети дал ушунда эмеспи. Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмуштун сөздөрү да ушул ойду тереңдетти окшойт. Ал түрк мамлекеттери өз кадрларын даярдоого, илимий-технологиялык дараметин арттырууга, интеллектуалдык менчикти коргоого жана жаңы технологиялардын укуктук-этикалык чектерин аныктоого тийиш экенин баса белгиледи. Анын жасалма интеллект, киберкоопсуздук жана интеллектуалдык менчик боюнча тажрыйба алмашууну кеңейтүү жөнүндөгү пикири бүгүнкү күндүн талабына төп келет. Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева болсо, технологиялык өнүгүүнүн адамдарга байланышкан ордуна өзгөчө басым жасады. Анын пикиринде, парламенттердин милдети инновацияларды колдоо менен катар адам укуктарын дагы унутта калтырбай, коргогон укуктук чөйрөнү түзүү. Бир сөз менен айтканда, “технологиялар адамга кызмат кылууга тийиш” деген маанидеги көз карашы чынында эле жасалма интеллект доорундагы эң башкы принциптердин бири болушу керек. Ал эми ТүркПАнын Башкы катчысы Рамил Хасан парламенттердин орток чечимдерди мыйзамдык деңгээлде бекемдөө жана моделдик мыйзамдарды иштеп чыгуудагы ролун белгиледи. Анын сөзү кызматташтыкты иш жүзүндөгү натыйжага айландыруу зарылдыгын эске салды. Ал эми жыйынга катышкан ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Султан Раев болсо, технологиялык өнүгүүгө маданий мурастын көз карашынан баа берип, түрк дүйнөсү жасалма интеллект дооруна кирүү менен бирге өз тилин, тарыхый эс тутумун жана бай маданиятын да сактап калууга тийиш экенин айтты. Бул дагы жөндүү ой болду. Себеби, технология элди алдыга сүрөсө, тил менен маданият анын ким экенин, кайдан келгенин жана кайсы багытка барарын аныктары турган иш.

Бул маанилүү жыйында аял жана жаш парламентарийлер топторунун иштери тууралуу, өнөр жай менчигинин укуктарын коргоо, балдарды зыяндуу маалыматтардан сактоо, биргелешкен ишканалар жөнүндө моделдик мыйзамдардын жана Бишкек декларациясынын кабыл алынышы талкууларды орток бүтүмгө айландырган маанилүү кадам болду.

Жаңы секириктерге жан үрөгөн Жогорку Кеңеш
Чыны менен Жогорку Кеңеште акыркы жылдары санариптештирүү багытында бир катар маанилүү иштер жүргүзүлүп, парламенттин ишин заманбап талаптарга ылайык уюштурууга жакшы эле көңүл бурулууда. Анын башкы максаты деле кагаз иштерин азайтуу, бюрократиялык тоскоолдуктарды кыскартуу, маалымат алмашууну ыкчамдатууда турат. Бул багытта электрондук документ жүгүртүүнү өнүктүрүү, мыйзам долбоорлорун санариптик форматта кароо, жыйындардын жүрүшүн жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын электрондук тутумдар аркылуу каттоо сыяктуу иштерге басым жасалганын байкап келебиз. Мындай ыкмалар убакытты үнөмдөөгө, документтердин кыймылын көзөмөлдөөгө жана мыйзам чыгаруу жараянын натыйжалуу уюштурууга шарт түзөт эмеспи. Ошону менен катар, парламенттин канча жылдык тарыхын заманбап технологиялар аркылуу таанытууга багытталган санариптик музей сыяктуу иштер дагы аткарылганына күбөбүз. Мындан тышкары, парламенттин жаңылыктарын жасалма интеллекттин жардамы менен даярдап, алып баруучулардын үнү жана санариптик образдары аркылуу коомчулукка жеткирүү тажрыйбасы да технологиялык жаңылануунун бир көрүнүшү. Демек, санариптик технологиялар менен адамдын чыгармачылыгы айкалышканда парламенттик маалымат берүүнүн сапатын жогорулатууга болооруна көзүбүз жетип олтурат.

Жалпысынан Жогорку Кеңештин санариптештирүү багытындагы аракеттери жаман эмес. Эң башкысы, киргизилген технологиялар ишти жеңилдетүү менен чектелбестен, элдин парламентке болгон ишенимин бекемдөөгө жана мыйзам чыгаруу ишин коомчулукка жакындатууга кызмат кылышы керек.

Күнболот Момоконов

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X