ТүркПАга мүчө өлкөлөрдүн парламент башчыларына «Ала-Арчада» этномаданий программа көрсөтүлдү
Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) жыйындарына катышуу үчүн Бишкекке келген боордош өлкөлөрдүн парламент жетекчилерине жана конокторго «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркында кыргыз элинин улуттук каада-салтын, маданиятын жана руханий мурастарын даңазалаган этномаданий программа тартууланды.
Жогорку даражалуу конокторду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев коштоп жүрдү.
Маданий иш-чара орто кылымдардагы көчмөндөр маданиятынын стилинде жасалгаланган «Кыргыз айылы» көргөзмө комплексинде өттү. Жогорку даражалуу меймандарды добулбас, керней-сурнайлардын салтанаттуу жаңырыгы астында зоот кийимчен кыргыз баатырлары, улуттук кийимчен кыздар жана төкмө акындар кыргыздын меймандостук салты менен тосуп алышты.

Ошондой эле көчмөн турмушунун инсталляциясынын алкагында меймандар «Кол өнөрчүлөр аллеясын» бойлоп, боз үйлөрдүн жасалгасы, кыргыз уздары менен усталарынын уникалдуу кол эмгектери жана улуттук кийимдердин көргөзмөсү менен таанышышты. Этномаданий программа бүркүтчүлөрдүн, жаачылардын жана тайганчылардын муундан муунга өтүп келе жаткан «Салбуурун» салттуу мергенчилик өнөрүн көрсөтүү менен жыйынтыкталды.