Түштүк аймактарда павловния өстүрүү боюнча ири инвестициялык долбоор талкууланды

8-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 160

8-июнда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары министр Эрлист Акунбеков өлкөнүн түштүк аймактарында дары-дармек багытындагы павловнияны өстүрүү долбоорун ишке ашырууга кызыкдар болгон инвесторлор менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда жалпы аянты 50 гектарды түзгөн павловния плантацияларын түзүү демилгеси сунушталып, долбоорду сугат суу менен камсыз кылуу маселелери талкууланды.

Министр аталган демилгени ишке ашырууга колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирип, Өсүмдүк өстүрүү департаментине долбоорду практикалык жактан ишке ашыруу боюнча тиешелүү маселелерди иштеп чыгууну, ошондой эле кызматташууга кызыкдар жергиликтүү дыйкандар менен өз ара аракеттенүүнү уюштурууну тапшырды.

8-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 160
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X