Түштүк Кореядан Кыргызстанга жыл сайын 20 миңге жакын турист келет

10-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 184

 Кыргызстанга Түштүк Кореядан жыл сайын 20 миңге жакын турист келет. Бул тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ким Кванджэ билдирди.

Анын айтымында, акыркы жылдары Түштүк Кореяда Кыргызстанга саякаттоого болгон кызыгуу кескин өсүп, туристтик коомчулукта K-tourism деп аталган жаңы багыт калыптанууда. Элчи бул тенденциянын жайылышына YouTube платформасында миллиондогон көрүүлөрдү топтогон Кыргызстан тууралуу видеолор чоң түрткү берип жатканын белгиледи.

«Корейлер Кыргызстандын ажайып жаратылышына суктанып, өлкө тууралуу көбүрөөк маалымат алып, бул жакка саякаттоого кызыгууда. Өзгөчө белгилүү кореялык блогерлердин Кыргызстанга келип тарткан видеолору кеңири аудиториянын көңүлүн буруп, өлкөнүн туристтик потенциалын таанытууга олуттуу салым кошууда», — деди Ким Кванджэ.

Дипломаттын маалыматына караганда, кореялык туристтер көбүнчө өз ара сунушталган жана жакшы пикирлер айтылган багыттарды тандашат. Алар эң көп барган жерлердин катарына Чолпон-Ата шаары, Соң-Көл көлү, Барскоон капчыгайы, Каракол шаары жана Алтын-Арашан курорту кирет.

Элчи белгилегендей, Түштүк Кореянын жарандары арасында тоо туризми өзгөчө популярдуу болгондуктан, Кыргызстандын бийик тоолуу кооз жаратылышы жана экотуризм мүмкүнчүлүктөрү алар үчүн өзгөчө кызыгууну жаратат.

Ошондой эле ал Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосундагы туристтик байланыштарды кеңейтүү эки өлкөнүн маданий жана экономикалык кызматташтыгын чыңдоого өбөлгө түзөрүн кошумчалады.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X