Түшүм мол. Дан эгиндеринин 57,1%ы жыйналып бүттү

14-август, 2026-ж. / Редакция / Айыл чарба 93

Кыргызстанда быйылкы оруп-жыйноо иштери кызуу жүрүп жатат. Өлкө боюнча пландалган 617 миң гектар аянттын 57,1 пайызы, башкача айтканда 352,7 миң гектары жыйналып бүттү. Бул былтыркы ушул мезгилге салыштырмалуу 25,9 миң гектарга көп.

Кампаларга 985,1 миң тонна дан түшүп, дүң жыйым өткөн жылга караганда 6,9 пайызга өстү. Орточо түшүмдүүлүк гектарына 27,6 центнерди түзүүдө.

Буудайдан түшүм өзгөчө жогору болууда. Анын пландалган аянттарынын 80,2 пайызы жыйналып, жалпы дүң жыйым былтыркыга салыштырмалуу 30,8 пайызга көбөйдү. Арпанын 59 пайызы жыйналып, түшүмдүүлүгү гектарына 25,1 центнерге жетти. Бул өткөн жылга караганда 15,1 пайызга жогору.

Аймактарда да оруп-жыйноо ыргагы күч. Чүйдө аянттардын 63 пайызы жыйналса, Ош облусунда өткөн жылга салыштырмалуу 20,1 пайыздык өсүш катталды. Жалал-Абадда 56,5 пайыз, Баткенде 62,3 пайыз аянт жыйналып бүттү. Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарында болсо климаттык шарттарга байланыштуу негизги оруп-жыйноо иштери эми күч алууда.

Жашылча-жемиш багытында да өсүш бар. Былтыркыга салыштырмалуу жашылча өндүрүшү 6,1 пайызга, картошка 7,9 пайызга, бакча өсүмдүктөрү 20,4 пайызга көбөйдү. Алардын тиешелүүлүгүнө жараша 41,1, 20,6 жана 44,8 пайызы жыйналды.

Ал эми пахта, тамеки жана кант кызылчасын жыйноо иштери азырынча алгачкы баскычта.

14-август, 2026-ж. / Редакция / Айыл чарба 93
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X