«Тянь-Шань форель» ЖЧКсынын негиздөөчүсү Илгиз ШАМЕНОВ: “БАШКЫ МАКСАТЫБЫЗ – БАЛЫКТЫН ТОЮТУ МЕНЕН КЫРГЫЗСТАНДЫ ТОЛУК КАМСЫЗДОО”
Чүй облусунун Панфилов районунда жайгашкан «Тянь-Шань форель» ЖЧКсынын балык үчүн тоют өндүрүүчү заводу ачылып, учурда тынымсыз иш алып барууда. Анда балыктын тоютунун 12 түрү чыгарылат. Жалпысынан курулушуна 7 миллион доллар сарпталганын айткан ишкананын негиздөөчүсү Илгиз Шаменов балык чарбасында иш алып барган фермерлерге жемдин чыгарылышы жана түрлөрү боюнча маалымат берип, аларды заводдун ишмердүүлүгү менен тааныштырды.
“Чыгарган өндүрүмдөрүбүзгө толук кандуу кепилдик беребиз”
“Биз балыктын тоютун чыгаруу боюнча долбоор менен көп жылдан бери иштеп келе жатканбыз. Мамлекеттин колдоосу менен быйыл, 2026-жылы ишке киргизилди. Учурда жаңыдан ачылгандыгына байланыштуу 30%ы гана иштеп жатат. Эгер 100% иштесе, суткасына 100 тоннадан ашык тоют чыгарат. Анын курулушуна жалпысынан 7 миллион доллар сарпталды.
Ар бир мамлекет өзүнүн технологиясы менен тоют чыгарат. Биздин тоюттар Иран технологиясы менен чыгарылат. Ирандын Тегеран шаарындагы балыктын тоютун чыгаруучу ишкана 30 жылдан бери иш алып барат. Биз алар менен келишим түзүп, сапаттуу жем чыгарууну баштадык. Биздин башкы максатыбыз – балыктын тоюту менен Кыргызстанды толук камсыздоо.
Тоюттун курамындагы компоненттер ар кайсы өлкөдөн келет. Алсак, анын сапаты жакшы болушу үчүн балыктын унун Ирандан алып келебиз. Себеби андагы протеин 65%дан өйдө. Негизги сырьё катары балык унунан тышкары балыктын майы, соя майы, түрдүү витаминдер жана башкалар кошулат. Алар да чет өлкөдөн келет. Бир гана арпаны Кыргызстандан алабыз.
Чыгарган өндүрүмдөрүбүзгө толук кандуу кепилдик беребиз. Эгерде биздин заводдон чыккан тоютту колдонуп, балыктары чоңойбой же өлүп кала турган болсо, анын чыгымдарын көтөрөбүз. Албетте, бир шарты бар, балык чарбасы бизден алган жемге башка жемди аралаштырбай, балыктарына баштан аяк бизден алынган тоютту бериши керек. Аны менен катар ушул жемден өлгөндүгү тууралуу лабораториялык корутунду документи болушу зарыл.
Масаидов Бекмаат, Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким: “Ишканада 100дөн ашуун жаңы жумуш оруну түзүлдү”
– “Тянь-Шань форель” заводу боюнча ишкерибиз Илгиз Шаменов келип арыз жазган. Февраль айынан баштап долбоордун документтери бүткөрүлүп, март айынан тарта ишкана курула баштады. Ал 10 айда курулду. Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы тарабынан тийиштүү документтердин баарын мыйзам чегинде бүтүрүп бердик.
Заводдун аймагы 3 бөлүктөн турат. Биринчиси, 3,8 гектардагы балыктын тоютун чыгаруучу ишкана, экинчиси, балык өстүрүүчү чарба, үчүнчүсү, эс алуу жайы. Мамлекет тарабынан инфраструктура, жол, жарык энергиясы менен камсыздалып, керектүү болгон муктаждыктар чечилди. Аны менен катар жергиликтүү тургундар үчүн 100дөн ашуун жаңы жумуш оруну түзүлдү. Завод жаңыдан иштеп баштаганына байланыштуу учурда 30га чукул жумушчу иштеп жатат. Ишкананын келечеги чоң. Эң башкысы, милдет-талаптар туура аткарылышы зарыл”.
Азыркы тапта ишканада 600 тонна балыктын жеми даяр болду жана “Тянь-Шань форель” ЖЧКсы тоюттарды өзүндөгү балык чарбада колдонуп жатат.
Эгембердиев Алмаз, балык өстүрүүчү: “Тоют өндүрүүдө эң башкы талап – анын сапаттуу болушу”
Он жылдан бери балык өстүрүү менен алектенип келе жаткан Эгембердиев Алмаз мырза заводго тоюттардын даярдалышы тууралуу маалымат алуу үчүн атайын келген. Ал чет өлкөдөн жем албай, Кыргызстан балык чарбаларын тоют менен толук камсыздап калса, балык чарбаларына биртоп жеңил жана ыңгайлуу болорун айтат.
“Мен 2013-жылдан тарта балык чарбасы менен алектенем. Чарбам Токмок шаарындагы Арал айылында жайгашкан. Бүгүн «Тянь-Шань форель» ЖЧКсында чыгарылып жаткан жемдин курамы, технологиясы менен таанышып, аны сатып алыш үчүн атайын келдим. Албетте, сыртынан көрүп, кандай экенин айтыш кыйын. Аны сөзсүз колдонуп көрүш керек. Тагыраагы, анын таасирин жана пайдасын балыктарды өстүрүп көргөн соң гана айта алабыз. Тоют өндүрүүдө эң башкы талап – анын сапаттуу болушу. Андыктан мен алгач кичинекей балыктарга бул тоютту берип көрүүнү туура көрүп жатам”.
Алтынай Нурдинова